• Башкы бетке
  • Русский
  • English
  • Кыргызча
  • Қазақша
  • Azərbaycan
  • Ўзбекча
  • Uzbekcha
  • Deutsch
  • Белару́сский
  • Latviešu valoda
  • 中文
  • العربية

GMC

Күбөлөндүрүү

Нотариалдык кызматтар бүгүнкү күндө кадам сайын талап кылынат. Иштин маңызы документ статусу нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөндө гана күчүнө киреринде жатат.

Нотариалдык аракеттер (документтерди күбөлөндүрүү) тексттик маалыматтын аныктыгын ырастап, документтин юридикалык маңызга ээ экенин көрсөтүүгө жол берет. Бирок тексттин котормосун нотариалдык жактан күбөлөндүрүү андан да маанилүү, себеби котормо өзүнчө алганда эч нерсе билдире албайт. Ал тексттин сапаты тууралуу айтпайт, юридикалык статуска ээ эмес жана эң негизгиси - чет өлкөдө күчү жок.

Котормону нотариалдык күбөлөндүрүү (котормочунун колунун аныктыгын нотариалдык күбөлөндүрүү) – бул  документтерди андан ары расмий органдарга берүү үчүн күбөлөндүрүү.

Котормону нотариалдык күбөлөндүрүү чет мамлекеттер менен байланыштарды, ал башка өлкөгө баруу болобу, чет өлкөлүк өнөктөр менен бизнес-маалымат алмашуу ж.у.с. болобу, иш жүзүнө ашыруучулар үчүн табылгыс кызмат. Эгер нотариалдык күбөлөндүрүү башка өлкөнүн мамлекеттик органдарына бериле турган документ үчүн жүргүзүлүп жатса, «GMC Translation Service» Тилдик котормолор борбору документтерди мыйзамдаштыруу же апостилдөө (Казакстан, Россия) боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Бүгүнкү күндө «GMC Translation Service» Тилдик котормолор борбору мамлекеттик же жеке нотариус тарабынан документтердин төмөнкү түрлөрүн нотариалдык күбөлөндүрүү боюнча кызматтарды жүзөгө ашырат:

* каттоо жана уюмдаштыруу документтери, каржылык документтер жана контракттык документация, тастыктамалар жана башка түрдөгү корпоратив документтер

* жеке мүнөздөгү документтер (мисалы, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, маалымкаттар, паспорттор, дипломдор ж.у.с.)

* ошондой эле биздин Борбор расмий статус алууга муктаж болгон башка документтерди нотариалдык күбөлөндүрүү боюнча кызматтарды жүзөгө ашырат.

Эгер сиз нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн котормого тапшырык берип жатсаңыз, которуунун өзү боюнча тиешелүү тематикалык чөлкөмдө иш тажрыйбасы жана билими бар котормочу эмгектенет. Ал эми нотариалдык күбөлөндүрүүнү аткарылган котормонун сапатына ишенген жогорку квалификациялуу адис ишке ашырат.

Бирок аткарылган котормолордун баары эле күбөлөндүрүлө бербесин белгилеп кетүү керек. Котормону нотариалдык түрдө күбөлөндүрүүгө которулган документ мыйзамдарда бекитилген талаптарга жана жоболорго жооп берген учурда гана болот.

Бир катар учурларда аткарылган котормону нотариалдык түрдө күбөлөндүрүү талап кылынбайт, бирок анын аныктыгын ырастоо зарылчылыгы бар, мындай учурларда биз Сизге котормону биздин Борбордун расмий мөөрү менен күбөлөндүрүү боюнча кызмат көрсөтүүгө даярбыз.

«GMC Translation Service» Тилдик котормолор борбору так ушундай иштейт!