• Башкы бетке
  • Русский
  • English
  • Кыргызча
  • Қазақша
  • Azərbaycan
  • Ўзбекча
  • Uzbekcha
  • Deutsch
  • Белару́сский
  • Latviešu valoda
  • 中文
  • العربية

GMC

Биздин артыкчылыктар

Үзүрлүү иштөөнү үзүрлүү коммуникацияларсыз элестетүүгө болбойт. Азыркы ааламдашкан дүйнөдө башка элдин жана маданияттын өкүлдөрү менен сүйлөшүү, маанилүү документтерди которуу же чет тилдерге байланышкан башка кызматтардын муктаждыгы ар бир кадам сайын учурайт. «GMC Translation Service» тилдик котормолор борбору Сиздерге жардамга келүүгө даяр!

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫБЫЗ:

  • Кесипкөйлүк
  • Ыкчам иштөө
  • Купуялык
  • Иштин сапаты
  • Ар бир кардарга өзгөчө мамиле
  • Ыңгайлуулук
  • Классындагы технологияларды колдонуу

 Кесипкөйлүк

Биздин агенттикте иштөөгө жалаң алдыңкы катардагы, тажрыйбалуу адис-лингвисттер гана кабыл алынат. Биздин котормочулар кесиби боюнча катаал тандоодон өтүшүп, өз ишинин көзүн тапкан адис экенин далилдегенден кийин гана ишке киришишет. Кызматкерлердин бийик кесипкөйлүк деңгээли, тейлөөлөрдүн ар кимге туура келерлик кеңири катары, тапшырыкты аткаруунун тездиги, мыкты техникалык жабдуу, офистердин борбордо жайгашканы жана саналып өткөндөрдүн эсебинен жетишилген тейлөөнүн ыңгайлуулугу – баары биригип «GMC Translation Service» тилдик котормолор борборун тилдик котормолорду уюштуруу боюнча кызматтар чөйрөсүндө эң бийик кесипкөй компаниялардын бири катары бөлүп көрсөтөт.

Ыкчам иштөө

Биз эң шашылыш тапшырыкты кабыл алып жана аткарууга дайыма даярбыз. «GMC Translation Service» тилдик котормолор борбору чоң көлөмдөгү шашылыш котормолорду аткарууга жетиштүү ресурстарга жана чоң техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Сиздин тапшырыкты иликтеп чыгып, биздин менеджерлер, координаторлор жана котормочулар аны Сизге ыңгайлуу болгон мөөнөттө эң жогорку деңгээлде аткарууга мүмкүн болгон аракеттерин жасашат. Биздин кызматкерлердин кылдат уюшулган, текшерүүдөн өткөн жана жолго коюлган жамааттык ишинин, материалды өзгөчөлүү иштете билүүсүнүн аркасы менен компаниянын кызматкерлери ишти дайыма мөөнөтүндө аткарышат. Которуу учурунда материалды иштетүү баскычтары, ошондой эле котормо процессинин өзү компаниянын 15 жылдык ишинде ийне-жибине чейин ыраатташтырылган.

Купуялык

Биз бардык кардарларыбызга толук коопсуздук жана жашырындыкты сактоо тууралуу кепилдик беребиз – алардын макулдугусуз которулган документтердин мазмунун жана алардагы маалыматтарды, алардын авторлугун жана булагын эч ким биле албайт. 15 жыл иш учурунда биздин кардарлар көрсөтүлгөн кызматтардын толук купуялыгына жана баштапкы документтердин жоголбошуна ынанышты. Бардык материал компанияда болгон учурда белгилүү кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнөт. Которууга берилген бардык материалдар жана документтер үчүн сейфтер каралган жана бул материалдарга жана документтерге тийүүгө укугу бар кызматкерлер бекитилген. Иштетүүнүн ар бир баскычын бардык документтер ички жолдомо каттоо документтери менен өтөт. Бул котормого берилген документтердин баарынын купуялыгын гана эмес, сакталышын да камсыз кылат.

Иштин сапаты

Биз үчүн дайыма баалоонун башкы сапаты - кардардын тапшырыгынын кандай аткарылганына канааттанышы саналат. Бизде ар кандай тематикадагы котормолор аткарылат: юридикалык котормолор, техникалык котормолор, медициналык котормолор, адабий котормолор, экономикалык котормолор ж.б. Биздин котормочулар өз чөйрөсүндөгү алдыңкы катардагы адистер болуп саналышат, алардын көбү бир нече чет тилдерин билишет, бул аларга көп тилдүү долбоорлорду ишке ашырууга жол берет. Айрым котормолор эне тилдүүлөр тарабынан которулат. Сиз тапшырыгыңыз лингвистикалык эң бийик деңгээлде гана эмес, котормонун тематикасынын бардык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аткарыларына ишене аласыз. Биздин Тилдик котормолор борборубузда жайгаштырууга мүмкүн болгон тапшырыктын көлөмү боюнча чектөөлөр жок.

Ар бир кардарга өзгөчө мамиле

Биз ишибизде биринчи кезекте Сиздин чыныгы кызыкчылыктарыңызды жана Сиздин ишмердүүлүгүңүздүн кызыкчылыктарын эске алабыз. Биз ишибизди Сиздин каалоолоруңузга жана талаптарыңызга жараша аткарабыз.

Ыңгайлуулук

Сиз которууга тапшырыкты үйүңүздөн же офисиңизден чыкпастан эле он-лайн тапшырык аркылуу же биздин кызматкерди офисиңизге чакыруу менен берсеңиз болот. Даяр котормону биз Сизге электрондук почтаңызга жиберебиз. Тапшырыктын баасын төлөөнү Visa, Master Card, банк аркылуу которуу, Яндекс деньги, WebMoney же PayPal аркылуу ишке ашырса болот.

Кесипкөйлүк