• Башкы бетке
  • Русский
  • English
  • Кыргызча
  • Қазақша
  • Azərbaycan
  • Ўзбекча
  • Uzbekcha
  • Deutsch
  • Белару́сский
  • Latviešu valoda
  • 中文
  • العربية

GMC

Түзүлүшү

«GMC Translation Service» Тилдик котормолор борборунун негизги принциби – котормонун жогорку сапатын камсыз кылуу. Биз буга башкаруучулук, котормочулук жана редакторлук тажрыйбаларды бириктире алганыбыздын аркасында жетишебиз. Биз бул чөйрөдө кызматкерлер канчалык чоң мааниге ээ экенин түшүнүп, Сиз биздин ишибизге ыраазы болушуңуз үчүн биз Тил котормолор борборуна иштөөгө жогорку квалификациялуу адистерди гана алабыз. Тандоонун көп баскычтуу түзмөгү бизде иштеген адамдын чоң тамгадан Адис экендигине ынанууга мүмкүндүк берет.

Бизге кайрылуу менен Сиз ишенсеңиз болот: биздин менеджерлер ири долбоор болобу же бир нече бет болобу, аткарыла турган котормолорду Сиз менен ийне-жибине чейин талкуулоого даяр. Биздин кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгү ар кандай тармактагы жана көлөмдөгү тексттерди которууга мүмкүнчүлүк берет. Биздин котормочулар кууш адистешүүгө ээ болуу менен, документтерди  которууда тиешелүү чөйрөдө кабыл алынган терминология жана стилистиканы сакташат. Биздин редакторлор текстти окуп, текшерип чыгышат да, Сиз толук даяр натыйжаны аласыз.

Компаниянын  котормонун сапаты боюнча саясаты бар, ал бийик натыйжаларды алууга мүмкүнчүлүк берет жана биз күн санап өнүгүүдөбүз. Компаниянын өзгөчө уюмдашуу түзүмү ар бир баскычта баарынан жакшы даярдыгы бар ишбилги кызматкерди тандап жана ишке тартууга мүмкүнчүлүк берет.

  • Айталы, алгач баарлашуу баскычында Сизди кардарлар менен иштөө бөлүмүндө кардарлар менен иш алып барган менеджер кабыл алат. Ар бир кардарга өзүнчө менеджер бекитилет да, ал сиздин бардык каалоолоруңуздан: компанияңыз үчүн которуунун артыкчылыктуу багыттарынан (башкача айтканда, кандай тармактагы тексттерди – техника, медицина, укук ж.у.с. тармагындабы же өздүк документтерди которуу кызыктырабы), тапшырыкты бергенинин ырасталыш схемасынан, оозеки котормочулардын, курьерлердин кызматы керекпи же кереги жокпу жана башка Сиз үчүн маанилүү көп-көп нерселердин бардыгынан маалымдар болот.
  • Сиздин тапшырыгыңыз андан ары координациялык бөлүмгө жиберилет. «GMC Translation Service» тилдик котормолор борборунун координаторлору жогорку лингвистикалык билимге ээ, бул аларга тапшырыкты туура баалап, аны аткаруу үчүн баарынан ылайык келген котормочуга тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Тексттерди которуу процесси тикеден-тике котормо бөлүмүндө ушул тармакта адистешкен котормочу тарабынан ишке ашат. «GMC Translation Service» тилдик котормолор борбору менен кызматташкан котормочулардын көбүнүн негизги лингвистикалык билиминен тышкары өзүлөрү котормолорду аткарган чөйрөдө да кошумча билими же бай иш тажрыйбасы бар. Ошондуктан биз каалаган тармактагы котормону жогорку деңгээлде камсыз кыла алабыз: юридикалык котормо, техникалык котормо, жалпы тилдик котормо. Бүткүл процесс координатордун көзөмөлү алдында өтөт – ал зарылчылыгына жараша котормочуга которуу процессинде келип чыккан маселелерди чечүүгө жардам берет жана кардар үчүн баарынан маанилүүсү - аткаруу мөөнөтүн тескейт.
  • Андан соң тапшырыгыңыз текстти терүү жана текшерүү бөлүмүндө даярдалат. Биздин ынанымыбызда корректорлук текшерүү баскычы абдан маанилүү. Биз көбүнчө ири көлөмдөрдү кыска мөөнөттө которуу менен иштегендиктен, ага "жаңы көз" менен кароо тикеден-тике эң тажрыйбалуу котормочунун да ишин кайра текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Булардан кийин кардардын материалын редакторлор иштетишет.
  • Сиз биздин күбөлөндүрүү жана укуктук жардам бөлүмүбүздө Сизди кызыктырган документтерди күбөлөндүрүү маселелеринин баары боюнча юридикалык кеңеш ала аласыз.  
  • Сиздин каалооңуз боюнча дизайнерлерибиздин жана IT-бөлүмүбүздүн аркасында которулган материал электрондук түрдө гана эмес, оригиналга дал келген, шайма-шай таризделген, материалынын, өңүнүн форматтарын, кагаздын сапатын ж.б. кайталаган түрдө да аткарылышы мүмкүн. Сиз тапшырыгыңызды (китеп, брошюра, журнал, буклет ж.у.с.) чет тилинде ала аласыз.
  • Сизге ыңгайлуу болуш үчүн курьердик байланыш бөлүмүбүздүн кызматкерлери сиздин тапшырыгыңызды шаардын каалаган жерине жеткирип, убактыңызды үнөмдөшөт.