• Башкы бетке
  • Русский
  • English
  • Кыргызча
  • Қазақша
  • Azərbaycan
  • Ўзбекча
  • Uzbekcha
  • Deutsch
  • Белару́сский
  • Latviešu valoda
  • 中文
  • العربية

GMC

Шашылыш котормо

Шашылыш котормо – бул сиздин убактыңызды гана эмес, кошумча жол-жоболорго кетчү каражаттарыңызды да үнөмдөө, себеби баарынан көп документтерди чет өлкөгө  кетүү үчүн же контрактты жол-жоболоштуруу үчүн которушат. Ошентип, колуңузда даяр шашылыш котормо болсо, Сиз бош туруп калган үчүн кирешеден кол жуубастан, өз иштериңизди тезирээк аткара аласыз.
Шашылыш которуу — бул которуу учурунда анын сапатын сактоо менен эң аз мөөнөттөрдү сактоо зарыл болгон котормо.

30 МИНӨТ ИЧИНДЕ ЭКСПРЕСС-КОТОРМО!!!
1 СААТ ИЧИНДЕ КОТОРУУ!!
КҮНҮНКҮСҮН КҮНДӨ КОТОРУУ!

ЭКСПРЕСС-КОТОРМО - 30 мүнөттө которуу – котормонун бул түрү, эреже катары, анча чоң эмес жалпы тематикалуу документтер же «шаблондуу» документтер менен иштөөдө ишке ашырылат, мисалы, эрезеге жете элек баланын башка өлкөгө баруусуна ата-энесинин макулдугун которууда, паспортту, ар кандай күбөлүктөрдү которууда ж.у.с. Тапшырык түшкөндө документ тиешелүү тилге которуу үчүн котормочуга берилет. Котормо аткарылган соң которулган тексттин үстүндө редактор-корректор иштей баштайт.

1 СААТ ИЧИНДЕ КОТОРУУ – котормонун бул түрү чоңураак көлөмдөгү документтер менен иштөөдө аткарылат, мисалы, резюме, кайрылуулар, бет ачар, каттар, илимий макалалар, доолор, соттук көчүрмөлөр, сынак документтери, контракттар, уставдар.

БИР КҮНДӨ КОТОРУУ  — котормонун бул түрү татаалыраак жана, эреже катары, көп беттүү жана кууш адистештирилген документтер менен, өзгөчө техникалык жана медициналык тематикадагы тексттер менен иштөөдө колдонулат. Бул учурда тапшырыкты аткаруу иште бардык өндүрүштүк бирдиктер: котормочу, редактор-корректор, калыптоочу, координатор ж.у.с. бир убакта катышкан удаалаш байланыштуу форматта жүзөгө ашырылат.

Мындай ыкма сапатынан жоготууну мүмкүн болушунча азайтып гана тим болбостон, тапшырыкты бүтүрүүнү жана кардарга өткөрүүнү да тездетет.

Ар бир секунда алтындын салмагына барабар болгон мезгил алда качан башталган, бирок бардыгын аткарууга убакыт тим эле жетишпеген учурлар далай эле болот. Мындай учурларда бизге заманбап технологиялар жардамга келет, бирок ошентсе да... адамдын акыл-эсин алмаштырууга мүмкүн эмес. Ошентип, мисалы, маселенин маңызы Сизге текстти же документти чет тилинен же чет тилине шашылыш которуу зарыл болгондугунда болсо, - кыска мөөнөттө тексттин мүмкүн болушунча эң көп көлөмүн которо ала турган квалификациялуу котормочулар сизге абадай керек.

Шашылыш котормонун жогорку сапаты

«GMC Translation Service» Тилдик котормолор борборунун көп жылдык иш тажрыйбасы, ошондой эле адистик курамы шашылыш котормону сапатынан жоготпостон аткарууга өбөлгө болот. Биздин Борбордо колдонулган шашылыш котормону аткаруу ыкмасы тапшырыкчыга жогорку кесипкөйлүк деңгээлде аткарылган котормону алууга мүмкүндүк берет. Ыкчам иштөөнү камсыз кылуу үчүн тиешелүү котормо менен иштөөгө бир убакта бир нече жогорку квалификациялуу кызматкер: котормочу, редактор-корректор тартылат. Сөзсүз ушундай ар тараптуу мамиле гана татаал көп беттүү котормону сапаттуу жана кысылыш убакытта аткарууга жол берет. Кандай мөөнөттө болбосун, документти которууну тиешелүү тексттин тематикасына адистешкен котормочулар ишке ашырышат. Бардык котормолор, жана албетте шашылыш котормолор да, кылдат редакторлук текшерүүдөн өтүшөт. Шашылыш тартипте которулуучу документтер редакциялоонун жана текшерүүнүн узак мөөнөттүү тапшырыктар менен иштөөдө колдонулган эле этаптарын өтөрүнө биз кепилдик беребиз. Бул биздин кызматкерлерге шашылыш которуунун жогорку сапатына жетишүүгө мүмкүндүк берет.

«ШАШЫЛЫШ КОТОРУУ» кызматына тапшырык берүүдө ар убак, мөөнөтүнө жана тексттин көлөмүнө карабастан, котормонун сапаты дайыма жогорку деңгээлде кала берет.

Ошондой эле «GMC Translation Service»  Тилдик котормолор борбору ЭҢ КЫСКА МӨӨНӨТТӨРДӨ буларды аткарат:

- Документтерди нотариалдык күбөлөндүрүү;
- Документтерди мыйзамдаштыруу;
- Документтерди апостилдөө.